АКШ Сенаты Массачусетс штаттынан сенатор Жон Керринин Мамлекеттик катчылыктын башчылыгына бекитти. Шейшемби күнкү добуш берүүдө анын талапкерлигине 94 сенатор макул болсо, үчөө каршы болду. Сенаттагы добуш берүүгө Эл аралык иштер комитети Керрини бул кызматка жактыраары менен коюлду.
Эми Керри ант берген соң мамлекеттик катчылыктан өз каалоосу менен кетип жаткан Хиллари Клинтонду алмаштырат. 69 жаштагы Вьетнам согушунун ардагери Жон Керри 2004-жылы ал президенттик орун үчүн ат салышып, бирок Жорж Бушка утулуп калган.