Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

Украина: журналисттин өлүмү үчүн милиция генералы өмүр бою эркинен ажыратылды


Шейшембиде Киевде сот милициянын мурдагы генералын белгилүү жуналист Георгий Гонгадзени өлтүргөнү үчүн өмүр бою эркинен ажыратты. Украинанын баш калаасынын Печерск райондук соту ИИМдин мурдагы бөлүм башчысы, генерал Алексей Пукач Гонгадзени муунтуп өлтүргөн деп тапты. Ошондой эле генералдык наамынан ажыратты.

Украин өкмөтүнүн жогорку жетекчилиги арасындагы коррупция жөнүндө жазып келген белгилүү журналист Георгий Гонгадзе 2000-жылы уурдалып, кийин анын сөөгү Киевдин жанындагы токойдон табылган. Укук коргоочулар журналисттин көзүн тазалоонун артында Украинанын мурдагы президенти Леонид Кучма турган деп көптөн бери айыптап, Кучма сотко суракка да келген. Бирок кийин сот Кучмадан бардык айыптарды алып салган.

Өмүр бою абакка кесилген Пукач Кучма баштаган башка адамдар жазаланса гана күнөөсүн моюнуна ала турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG