Жалал-Абадда облустук соттун алдында Санпа окуясында жабыркаган 20 чакты адам митингге чыкты. Алар Санпа окуясы боюнча айыпталган жаткан Шамсидин Ниязалиев боюнча облустук соттун чечимине нааразы болуп, аны кайра камоону, райондук соттун чечимин күчүндө калтырууну талап кылышууда.
Сузак райондук сот Ниязалиевди 2010-жылы июнь коогасында массалык башаламандык уюштурган, адам өлтүргөн сыяктуу оор беренелер боюнча күнөөлүү деп таап, өмүрүнүн аягына чейин кескен болчу. Облустук сот массалык башаламандыкка катышкан деген гана айыпты калтырып, андагы жеңил жаза - 150 миң сом айып пул салып, сот залынан бошоткон. Облустук прокуратура соттун мындай чечимине макул болбой Жогорку Сотко кайрылды. (EBM/YA)