Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:08

Ош: Социалдык университеттин жамааты министрликтин буйругуна нааразы


Ош мамлекеттик социалдык университетинин ректорунун милдетин аткаруучу Идирис Кенжаевди кызматынан бошотуу жөнүндөгү билим берүү жана илим минстринин буйругуна окуу жайдын эмгек жамааты нааразы болууда. Бүгүн алар буйрукту тааныштырууга келген министрдин орун басары Зуура Каденовага ректор ордунда калышы керек деген талап коюшканын окуу жайдын басма сөз катчысы Арген Нуров "Азаттыкка" билдирди. Университеттин мугалимдер жамаатынын ырастоосунда, министрлик Кенжаевди жумуштан негизсиз алып жатат.

Нуровдун айтымында, министрликтин буйругу менен ректордун ордуна буга чейин Ош технилогиялык университетинде окутуучу болуп иштеп жүргөн Абдыганы Сатыбаев сунушталган.

Мугалимдердин нааразылыгынан улам ректор жакында шайлоо аркылуу тандалмай болду. Бирок кайсы күнү өткөрүлөөрү аныктала элек.

Аталган университет 2010-жылга чейин Кыргыз-Өзбек университети деп аталып келген. Июнь окуяларынан соң аталышы Мамлекеттик Социалдык университет болуп деп өзгөргөн. Окуу жайда он миңге жакын студент билим алат. (SE)

XS
SM
MD
LG