Эки өлкөнүн коргоо министрлери Адилбек Жаксыбеков менен Сергей Шойгу регионалдык аба коопсуздугу системасын биргеликте түзүүнү караган документке бүгүн Астанада кол коюшту. “Интерфакс” маалымат агенттиги орус министри Шойгунун сөзүнө шилтеме жасап, документти “өзгөчө маанилүү” деп атаган. Министр, андан сырткары, сунуш этилген система “жаңы толуктоолор” менен байытылаарын, маселен, “ракетадан коргонуу” өңдүү элементтер киргизилээрин айткан. Бул эмнени түшүндүрөөрүн Шойгу тактаган жок.