Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

Өкмөт өкүлү Баткенде чарбактыктар менен жолугат


Бүгүн жергиликтүү элдин талабы менен кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров эки күндөн бери Баткенде митинг өткөрүп жаткан Чарбак айылынын тургундары менен жолугуп, ал айылга барат. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Жеңиш Айдаров кабарлады. Анда өкмөттүн өкүлү чек арага жакын аймактагы талаштуу жерлер боюнча маселени чечүү жолдорун түшүндүрөт.

Эки күндөн бери Баткендин Сох анклавы менен чектешкен Чарбак, Согмент айылынын 100гө жакын тургуну облустук акимият алдында митингге чыгып жатышкан. Алар Өзбекстандын аймагы менен чектешкен чек араны тактап, тосмолоп берүү талабын коюшкан.

5-6-январда Баткендин Чарбак айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Ушар (Хушяр) айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Ушарлыктар кыргыз айылына кирип келип, 30 адамды барымтага алуу менен бир канча унааларды талкалаган. Кийинчерээк өзбек тарап келтирилген чыгымды төлөп берүүгө макул болгон. Анклавдын айланасындагы жолдор ошондон бери жабык.(BkA)

XS
SM
MD
LG