Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Британиянын премьер-министри Алжирге барды


Британ премьери Д.Камерон парламентте Алжирдеги барымта окуясы тууралуу сүйлөп жатат, Лондон, 18-январь, 2013
Британ премьери Д.Камерон парламентте Алжирдеги барымта окуясы тууралуу сүйлөп жатат, Лондон, 18-январь, 2013
Британ премьери Дэвид Камерон бүгүн Алжирге барды. Камерон – Алжир 1962-жылы Франциядан көз карандысыздык алгандан бери бул өлкөгө барган алгачкы британ премьери.

Анын сапары Ин Аменастагы газ заводунда исламчыл козголоңчулар элди барымтага алып, аларды бошотуу операциясында барымтадагы чет өлкөлүк 37 жаран өлгөндөн эки аптадан кийин болуп жатат.

Бир аз мурдараак Лондондо Камерондун расмий өкүлү бул визит учурунда жетекчилер “экстремизм жана терроризмге каршы биргеликте күрөшүүнүн жолдорун талкуулашаарын” айткан.

XS
SM
MD
LG