Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

Сирия: Израилдин учактары аскерий борборго чабуул жасады


Сирия армиясынын маалыматына караганда, борбор калаа Дамаскка жакын жайгашкан аскерий изилдөө борборуна шаршемби таңда Израил өз учактары менен чабуул жасаган. Өкмөттүк САНА агенттиги кабарлагандай, Израилдин учактары таң эртеден Сириянын аба мейкиндигин бузуп өтүшүп, өлкөнүн коргонуу жаатында маанилүү болгон аскерий изилдөө борборун бутага алып, бомба таштаган. Андан эки адам каза болуп, 5 адам жарадар болгону айтылууда.

Израил тарап Сириянын айыптоолоруна эч кандай расмий жооп кайтара элек. Бирок Сириянын коңшусу болгон Ливан армиясынын өкүлдөрү акыркы учурда аскерий борбор жайгашкан аймакта Израилдин учактары көп байкалганын тастыкташты.

XS
SM
MD
LG