Президент Нурсултан Назарбаев учак кырсыгында набыт болгон 21 адамдын туугандарына көңүл айтып, бүгүнкү күндү өлкөдө аза күтүү күнү деп жарыялады.
29-декабрда Көкчөтоодон Алматыга учуп келаткан Challenger-200 учагы Алматы аэропортуна 5 чакырымдай калганда жерге кулап түшкөн. Андагы 16 жүргүнчүсү жана экипаждын беш мүчөсү ажал тапты. Каза болгондор арасында 1 жашаар наристе да бар.
Өлгөндөрдүн ичинде Акрам Низамов аттуу Кыргызстандын жараны да болгону такталды. Анын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүш үчүн Алматыдагы Кыргызстандын башкы консулдугунан документтер даярдалып жатканын билдиришти.