Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

Иранда эркин маалымат каражаттарына кысым күчөөдө


Иранда эркин маалымат каражаттарынына ар кыл жол менен чабуул жасоо уланып жатат. 28-декабрда өлкөдө ондон ашык журналист камакка алынышынын артынан сыртта жүргөн журналисттерге каршы “өнөктүк” ишке аша баштады. Бул ирет Би-Би-Си, “Эркин Европа\Азаттыктын” Иран кызматы болгон Фарда радиосу баштаган 15 радионун журналисттери ар кыл интернет чабуулдарга туш болушту. “Фарда" радиосунун үч кабарчысынын жана радионун Фейсбуктагы өздүк баракчасына хакердик чабуул жасалып, алар жөнүндө маалыматтар бурмаланып, жалган маалыматтар жайгаштырылган.

"Эркин Европа\Азаттыктын” директорунун милдетин аткаруучу Кевин Клозе журналисттерге жасалган чабуулдар мыйзамсыз жана бул аракет Иран режиминин эркин жана бейтарап маалымат каражаттарды ооздуктоо үчүн эмнелерди кылаарын көрсөттү деп билдирди.

Учурда Фарда радиосунун сайтына Иранда расмий түрдө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG