Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:59

Депутаттардын сотуна Атамбаевди чакыруу өтүнүчү канааттандырылган жок


Бишкектин Биринчи май райондук соту Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун сотко президент Алмазбек Атамбаевди чакыруу өтүнүчүн канааттандырбай, маселени азырынча ачык калтырды. Сот эгер зарылчылык болсо бул маселеге кайра кайрылаарын айтты. Өткөн процессте адвокат Ташиевди психологиялык-психиатриялык экспертизадан өткөрүү демилгесине президенттин да тиешеси бар болушу ыктымал деген божомолун айтып, аны сотко чакыруу тууралуу өтүнүч келтирген болчу.

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов былтыр 3-октябрда Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциядан кийин камакка алынган. Анда Ташиев жоон топ адам менен Ак үйдүн тосмосунан ашып өткөн болчу. Кармалгандарга бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып тагылган жана сот 10-январда башталган. (EBM)

XS
SM
MD
LG