Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:20

Прокурор сотто “атажуртчу” депутаттарга айыбын угузду


Биринчи май райондук сотто мамлекеттик айыптоочу камактагы “Ата-Журт” фракциясынын үч депутатына жана коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиевге айыбын угузду. Анда президент Алмазбек Атамбаевдин, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин, ошол кездеги атайын кызматтын жетекчиси Шамил Атахановдун жана башкы прокурор Аида Салянованын кызмат ордунда жоктугун билип туруп, алдын ала даярданып жана уюшкандыкта бийликти басып алууга барган деп айтылды. Депутаттар айыптардын баарын чектке кагууда.

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов былтыр 3-октябрда Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциядан кийин камакка алынган. Анда Ташиев жоон топ адам менен Ак үйдүн тосмосунан ашып өткөн болчу. Кармалгандарга бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып тагылган жана сот 10-январда башталган. (EBM)

XS
SM
MD
LG