Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:43

Жалал-Абад: Ташиевдин тарапкерлери тарады


Жалал-Абадда Камчыбек Ташиевдин тарапкерлеринин митинги аяктады. Аймактагы кабарчыбыздын билдиришинче, анда резолюция кабыл алынып, анда үч депутат баштаган адамдардын иши боюнча акыйкат чечим чыгаруу, аларды үй камагына бошотуу жана Жогорку Кеңешти таркатуу талабы айтылды. Эгерде бул талаптар аткарылбаса ар кандай калайман нааразылык акциялар башталары эскертилди.

Уюштуруучулар митингде 3 миңге чукул адам келди деп билдирди. Байкоочулардын баамында, миңден ашты. Ал эми бийлик өкүлдөрүнүн эсебинде болсо, 600-700дөй адам чогулду. Арасында 50дөй атчан болду. (EBM)

XS
SM
MD
LG