Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Ташиев cотто көрсөтмө берип жатат


Биринчи май райондук сотунда Камчыбек Ташиев көрсөтмө берип жатат. Кабарчыбыздын маалымдашынча, ал өзүно коюлган айыптардын баарын четке какты.

Бүгүнкү соттук териштирүүдө мамлекеттик айыптоочу камактагы “Ата-Журт” фракциясынын үч депутаты баштаган адамдарга айыбын угузду. Анда президент Алмазбек Атамбаевдин, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин, ошол кездеги атайын кызматтын жетекчиси Шамил Атахановдун жана башкы прокурор Аида Салянованын кызмат ордунда жоктугун билип туруп, алдын ала даярданып жана уюшкандыкта бийликти басып алууга барган деп айтылды.

Судья бүгүн процесстин башында Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун сотко президент Атамбаевди чакыруу өтүнүчүн канааттандырбай, маселени азырынча ачык калтырды. Сот эгер зарылчылык болсо бул маселеге кайра кайрылаарын айтты. Өткөн процессте адвокат Ташиевди психологиялык-психиатриялык экспертизадан өткөрүү демилгесине президенттин да тиешеси бар болушу ыктымал деген божомолун айтып, аны сотко чакыруу тууралуу өтүнүч келтирген болчу.

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов былтыр 3-октябрда Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциядан кийин камакка алынган. Анда Ташиев жоон топ адам менен Ак үйдүн тосмосунан ашып өткөн болчу. Кармалгандарга бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып тагылган жана сот 10-январда башталган. (EBM)

XS
SM
MD
LG