Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

HRW: Демократия оор сыноолор алдында турат


Human Rights Watch уюму дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы жөнүндө жылдык отчетун жарыялап, демократия оор сыноого туш болгонун белгиледи. Бүгүн жарыяланган отчетунда уюм ааламдагы 90 мамлекетте адам укуктарынын абалына анализ жасаган.

Жакынкы Чыгыштагы окуяларга бүтүм жасап, Human Rights Watch региондо адам укуктарынын корголуш деңгээли “араб жазы” алдыда өлкөлөр “демократиялык нукта өнүгөбү же авторитаризмге ооп кетеби” деген суроого жооп берет дейт. Орусияда президент Владимир Путин кайра мамлекет башына келгенден кийин жарандык активдүүлүктү “буга чейин болуп көрбөгөн деңгээлде басканы” белгиленди. Иранда болсо бийликтер жарандык коомдун эркиндигин басмырлоону улантышууда. “Ооганстанда бийликтер аялдарга каршы зомбулукту токтотууда алсыз экенин көрсөтүштү” делет.

“Адам укуктарын коргой албаган өкмөттөр” деп уюм Борбор Азиядагы мамлекет жетекчилерин да сындады. Уюмдун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Михра Риттлам “Азаттыкка” сүйлөп: "Региондо 2012-жыл сөз эркиндигин кысмактоо, өзгөчө, өкмөттөрдү сындагандарды жазалоо күчөгөнү менен эсте калды", - деди.

Бул - аталган уюмдун дүйнөдө адам укуктарынын абалы жөнүндөгү 23-жылдык отчету.

XS
SM
MD
LG