Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:10

Тажикстандан 74 миң өспүрүм Орусияда кара жумушта иштейт


Алардын абалы тынчсыздануу жаратып жатканын бүгүн Дүйшөмбү шаарындагы маалымат жыйынында тажик өкмөтүнүн Миграция кызматынын жетекчиси Сафиалло Девонаев билирди. Анын айтымында, 18 жашка чыга элек балдар-кыздар Орусияга иш издеп кетпешин эми атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия көзөмөлдөйт.

Жумурияттын Ички иштер министрлигинин Кылмышка шектелген өспүрүмдөрдү убактылуу кармоочу жайынын директору Латиф Зокиров болсо былтыр өкмөт Орусиядан ондогон балдар-кыздарды күч менен мекенине кайтарып келгенин кабарлады.

Расмий маалыматтарга караганда, Орусияда азыр бир миллиондун тегерегинде тажик мигранты убактылуу иш менен алек болуп жүрөт.

XS
SM
MD
LG