Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:51

Арменияда президенттикке талапкерге кол салынды


Президенттикке талапкер Паруйр Айрикянга бейшембинин кечинде Еревандын борбордук көчөлөрүнөн белгисиз адам ок чыгарды. Саясатчынын жакындарынын билдиришинче, ок 63 жаштагы оппозиция лидеринин ийнине тийип, өмүрүнө олуттуу коркунуч алып келген эмес. Полиция окуяны иликтей баштады.

Ооруканага жаткырылган Паруйр Айрикяндын абалы менен бир катар саясий лидерлер таанышып кетишти. Алардын ичинде премьер-министр Тигран Саркисян да келип, бул кол салууну айыптады.

Айрикян азыркы президент Серж Саргсян жеңээри айтылган 18-февралда өтүүчү президенттик шайлоодогу сегиз талапкердин бири болуп саналат. Ал кезегинде жашыруун саясий уюмга мүчө болгону үчүн үч жылдай сүргүндө жүрүп, 11 жылын советтик абак жайларында өткөргөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG