Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

Пан Ги Мун Израилдин Сирияга ыктымал чабуулуна тынчсызданды


Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Израил Сирияга аба чабуулдарын жасады деген маалыматтарга терең тынчсызданаарын, бирок аны өз алдынча тактоо мүмкүн болбой жатканын билдирди. Баш катчынын басма сөз өкүлдөрү кабарлашкандай, Пан Ги Мун бардык тараптарды аймактагы чыңалууну жана тирешүүнү алдын алууга чакырды.

Буга чейин Сирия бийлиги БУУга расмий кайрылып, шаршембинин таңында борбор калаа Дамаскка жакын жайгашкан аскерий изилдөө борборуна Израил өз учактары менен чабуул жасаганын билдирген. Сирия армиясынын мааалыматына караганда, бул чабуулдан эки адам набыт болуп, 5 адам жаракат алган. Израил болсо Сириянын айыптоолоруна расмий жооп кайтара элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG