Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Интернаттан чыккан балдардын келечеги талкууланат


Бүгүн Бишкекте балдар үйлөрү жана интернаттардагы жаштардын көйгөйлөрүнө арналган тегерек үстөл өтөт. АКШ элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анда балдардын чоңойгондон кийин өз алдынча жашап кетишине көмөктөшүү маселеси талкууланат. Ага Социалдык өнүктүрүү, Билим жана илим министрликтеринин жана балдар үйлөрүнүн өкүлдөрү катышат.

Иш-чаранын катышуучулары балдарга турмушка керектүү жөндөмдөрдү үйрөтүүчү «Ийгиликтин паспорту» аттуу программанын натыйжалары менен тааныша алышат. Эл аралык жаштар кору жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен ишке ашкан бул программа Кыргызстандын аймактарындагы 360ка жакын жеткинчекке жардам берген. (KKs)

XS
SM
MD
LG