Белгилүү футболчу Дэвид Бэкхем Франциянын "Пари Сен-Жермен" футбол клубунда ойной турган болду. Кезегинде Англия курамасынын капитаны болгон 37 жаштагы Бэкхем бейшембиде француз клубунун мүчөлөрүнө расмий тааныштырылды. Клубдун маалыматы боюнча, футболчу менен беш айлык келишим түзүлдү. Бэкхемдин айлыгы Париждеги балдарга арналган кайрымдуулук иш-чараларына жумшалат. Дэвид Бэкхемдин америкалык «Лос-Анжелес Гэлакси» клубу менен келишими өткөн жылы аяктаган болчу. (KKs)