Облус боюнча 28-январдан бери 16 айылдык аймактын башчысы шайланды. 3 айылдык аймакта шайлоо 2, калгандары 1 айлампа менен өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди.
Маалыматка ылайык, шайлоо жалпысынан облус боюнча 42 айылдык аймакта өтөт. Ак-Суу районунун Теплоключенка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо Ж.Борончиевге 7 добуш, У.Ишенбаевга 3 добуш, А.Сыдыкбаевга 3 добуш беришкен. Ал эми 8 депутат баарына каршы добушун беришкен. Жалпысынан 21 депутат бар.
Жети-Өгүз районунун Тамга айылдык аймагында эки талапкерге бештен добуш беришип, 1 депутат экөөнө тең каршы болгон.
"Бул айылдык аймактардын башчыларын шайлоо өткөн жок деп эсептелип, кийинкиге калды”, - дейт басма сөз катчы. (MK)