Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:03

Ош: чек ара сүйлөшүүлөрү үчүн ресурстук борбор түзүлдү


Бүгүн Ош шаарында чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эки тараптык сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө ылайыкташкан ресурстук борбор ачылды. Борборду ачууга Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму көмөктөштү. Аталган уюмдан кабарлашкандай, борбор чек араны тактоо боюнча өкмөттүк делегацияга кеңсе болуп берет. Ошондой эле бул жерде тренинг, иликтеп-анализдөө иштерин жана коңшу өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүүгө болот. Ушундай эле борбор эми Бишкекте да ачылмакчы. (EBM)

XS
SM
MD
LG