Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

Сузактын Барпы айыл өкмөтүнүн тургундары суу башчыны алмаштырышты


Бүгүн түштөн  кийин Сузактын Барпы айыл өкмөтүнө караштуу "Пригородное" көчөсүнүн 60тай тургуну суу түтүктүн өткөн  жылы жергиликтүү бизнесменге  убактылуу пайдаланууга берилишине  каршы болушту. 400 адам пайдаланган суу түтүк  бизнесменге бул көчөдө жашабаган адамдардын кайрылуусунун негизинде убактылуу берилгендигин белгилешти.

Алар айыл өкмөттүн суунун  убактылуу башчысы болгон бизнесмен тууралуу
буйругун жокко чыгарууну жана суу башчылыкка башка адамдын дайындалышын талап кылышты. Айыл өкмөттүн орунбасары алардын талабын
аткарууга убада берди. Жергиликтүү бизнесмен Махамаджан Маматкулов суу
башчы ким болсо да, ага баары бир экендигин билдирди. (YA)

 

XS
SM
MD
LG