Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Пакистанда зордуктоонун курмандыгы апелляциялык сотко кайрылат


Пакистанда уурдалып, зордукталган делген 17 жаштагы кыз өзүнө кол салгандарды актаган өкүмдү кайра сотко берүүдө. Узма Аюб "Азаттыктын" пакистан кызматына бул иш боюнча эми Жогорку Сотко кайрылаарын маалымдады. Кечээ Пешавардын соту Аюбду уурдап кетип, зордуктаган деп айыпталган 13 эркекти, анын ичинде полиция кызматкерлерин актап чыгарды. Сот алардын күнөөсүнө жетиштүү далил жок деп тапты. Кабарларга караганда, Хыбер-Пахтунхва дубанында туулган Узма Аюб 2011-жылдын сентябрына чейин бир нече ай туткунда болуп, бошонгондон төрт айдан кийин кыз төрөгөн. Аюбдун бир тууганы Алам Зебди 2011-жылы соттун сыртында өлтүрүп кетишкен. Анын өлүмү боюнча эч ким жоопко тартылган жок.

XS
SM
MD
LG