Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:51

Египетте демонстранттар полиция менен кагылышты


Каирде коопсуздук күчтөрү президенттик ак сарайдын алдында демонстранттарга каршы суу замбирегин колдонуп, асманга ок атты. Демонстранттар ак сарайдын короосуна күйүүчү бомба, таш атышты. Жума күнү Египеттин шаарларында исламчы президент Мухаммад Мурсиге каршы миңдеген киши жүрүшкө чыкты. Акыркы күндөрү эң кандуу жүрүштөр болгон Порт Саид шаарында демонстранттар Мурсини кулатууга чакырышты. Египеттин оппозициясы Мурсини улуттук биримдик өкмөтүн түзүп, исламчылар жазган Баш мыйзамды өзгөртүүнү талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG