Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:32

Мексика: мунай фирмасында жарылуудан 32 киши набыт болду


Мексинанын мамлекеттик ПЕМЕКС мунай компаниясынын штаб-квартирасындагы жарылуудан 120сы жараат алды. Бийликтер 51 кабат мунаранын кыйрандысында дагы башка курмандыктар бар экендигин эскертүүдө. Кабарларга ылайык, коңшулаш административдик имараттын жер төлөсүндөгү жардыруудан мунаранын төмөнкү үч кабаты катуу жапа тартты. Жардырууга эмне себеп болгону анык эмес. Анын кесепетинен миңдеген киши көчөгө качып чыкты, кырсык жайынын үстүн кою кара түтүн каптады. Миңдеген киши иштеген мунарадагы куткаруу иштерине төрт тик учак тартылды.

XS
SM
MD
LG