Талас шаарында өтүп жаткан жыйынга облустун бардык аймактарынан өкүлдөр катышууда. Өкмөттүн Талас облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Мухамеджан Суранчиевдин “Азаттыкка” айтымында, жыйында Жерүй кенин иштетүү керекпи деген маселе каралууда.
Жыйындын катышуучулары кенди иштетүүдө ачык-айкындуулукту, өндүрүлгөн алтындын 50% Кыргызстанда калышын, бийлик жергиликтүү элдин пикири менен эсептешүүсүн талап кылышууда. Жыйынга Геология жана минералдык ресурстар боюнча Мамлекеттик агенттиктин өкүлү Алманбек Усубакунов Жерүй боюнча маалымат берди.
Кыргыз өкмөтү Жерүй алтын кенин сынак жолу менен сатууну чечкен. Бул боюнча атайын комиссия түзүлдү. Бирок жергиликтүү калк ичинде "Кумтөр маселеси оң чечилмейин, Жерүйдү иштетүүгө жол бербейбиз" дегендер чыгууда.
Жерүйдө болжол менен баасы 5 миллиард долларлык 100 тонна алтын бар. Өкмөт жарыялаган сынакка ылайык, анын баштапкы баасы - 100 миллион доллар. (КЕ/MbA)