Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:10

Пакистанда аскердик базага кол салуу болду


Пакистандын Хибер Пуштунква облусунда бүгүн таңга маал согушкерлер армиянын базасына кол салып, бери дегенде 15 аскер жана 11 жайкын киши мерт кетти. Коопсуздук күчтөрүнүн расмий өкүлү маалымдагандай, жоочулар Сарай Наврангдагы базага курал жана чакан ракеталардын жардамы менен сокку урушкан.

Жергиликтүү полициянын башчысы Гүл Хамид Хан “Азаттыктын” Пакистан кызматынын кабарчыларына 7 саатка созулган атышууда кеминде 5 согушкер жок кылынганын айтты.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө Пакистандагы талиптер тобу алды. Топтун маалымат өкүлү телефондон билдиргенине караганда, муну менен алар жакында америкалык пилотсуз учактын соккусунан талиптердин 2 командиринин өлтүрүлүшү үчүн өч алгысы келген.

XS
SM
MD
LG