Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Жерүй кенин иштетүү боюнча социалдык пакеттин долбоору сунушталды


Талас шаарында бүгүн өткөн жыйында Жерүй алтын кенин иштетүүгө 2013-2019-жылдарга карата социалдык пакетке Талас шаары жана облустагы төрт райондогу бир катар социалдык турак жайларды куруу жана оңдоо, 24 орто жана чакан кайра иштетүүчү завод-фабрикаларды куруу, шаардык жана райондук ички жолдорду оңдоо сыяктуу долбоорлору сунушталды.

Мындан сырткары "кен иштетүүдө кызматкерлердин 70% кыргызстандыктар, өзгөчө облус тургундары түзсүн, тамак-аш продуктулары толугу менен жергиликтүү элден сатылып алынсын" деген бөлүмдөрү да бар. Долбоор боюнча 6 жыл аралыгында облуста жалпысынан 2,5 млрд. сомго жакын жумуш жасалуу каралса, анын 407 млн. сому Жерүй кени жайгашкан Бекмолдо айыл өкмөтүнө таандык болоору айтылды.

Талас шаарында өткөн жыйынга облустун бардык аймактарынан өкүлдөр катышып, Геология жана минералдык ресурстар боюнча Мамлекеттик агенттиктин кызматкери Алманбек Усубакунов Жерүй боюнча маалымат берди. Жыйындын катышуучулары кенди иштетүүдө ачык-айкындуулукту, өндүрүлгөн алтындын 50% Кыргызстанда калышын, бийлик жергиликтүү элдин пикири менен эсептешүүсүн талап кылышты.

Жерүйдө болжол менен баасы 5 миллиард долларлык 100 тонна алтын бар. Өкмөт жарыялаган сынакка ылайык, кендин баштапкы баасы 100 миллион долларга бааланган. (КЕ/MbA)

XS
SM
MD
LG