Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:30

Жалпы республикалык тестирлөөдөн өзбек тили алынып салынды


Быйыл Кыргызстан мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөнү мамлекеттик же расмий тилде гана тапшыра алышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысы Керэз Жукеева кабарлады. Анын айтымында, өзбек мектептерин бүтүп, өз тилинде тест тапшырган балдары жогорку окуу жайларга тапшырууда кыйынчылыкка туш болуп жатат деген мааниде айрым ата-энелер министрликке арызданышкан.

“Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан 55 миң бүтүрүүчүнүн эки миңи гана экзамендерди өзбек тилинде тапшырган. Бул да котормо жагынан ашыкча чыгымга алып келет экен. Ошондуктан эксперттер шартка ылайык деп ушундай чечимге келди. Кээ бир өзбек мектептерге кыргыз класстар ачылды”, - дейт Жукеева.

Былтыр Бишкекте мектеп бүтүрүүчүлөрүн өзбек тилинде тестирлөөгө каршылар митинг өткөрүп, абитуриенттерди тестирлөө кыргыз жана орус тилдеринде гана жүргүзүлүшү керек деген оюн билдиришкен.

Жогорку окуу жайына өтүүнү каалаган мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн тестирлөөнү кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде өткөрүү жөнүндө өкмөттүн токтому 2001-жылы эле кабыл алынып, он бир жылдан бери ошол тартипте өтүп келаткан.

Кыргызстандагы 2204 мектептин 135инде окуу өзбек тилинде аралаш өтөт, ал эми алардын ичинен 91инде окуу процесси жалаң гана өзбек тилинде жүргүзүлөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG