Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:21

Лавров: Батыштын Сириядагы кырдаалга мамилеси суроо жаратат


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Батыштын Араб жазына, анын ичинде Сириядагы кырдаалга мамилеси Кремлдин көптөгөн суроолорун жаратып жатканын айтты. Дипломаттын белгилешинче, дүйнөлүк державалар өз баалуулуктар системасын таңуулабоого жана БУУнун резолюциясы болбосо, бир жактуу санкцияларды киргизүүдөн карманууга тийиш.

Лавров Мюнхенде өтүп жаткан коопсуздук боюнча эл аралык конференцияда сүйлөдү. Жыйынга Европа биримдиги, АКШ, Орусия жана башка өлкөлөрдөн 400дөй жогорку дипломаттар менен коргоо тармагындагы расмий адамдар катышууда. Алар Ирандын атомдук программасынан тышкары Сирия жана Малидеги кырдаалды талкуулашмакчы. Күн тартибине ошондой эле Түштүк-Чыгыш Европа менен Кавказдагы стабилдүүлүк жана коопсуздук киргизилген.

Москва Сирия оппозициясын колдогон жана диалогду баштоо үчүн президент Башар Асадды бийликтен кетүүгө үндөгөн Батышты көптөн бери сындап келген.

XS
SM
MD
LG