Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:57

Египет: президенттин ак сарайы кайтарууга алынды


Полиция Египет президентинин Каирдеги сарайын катуу кайтарууга алды. Коопсуздук күчтөрү менен оппозиция активисттери кечээтен бери тирешип, кагылышууда 1 киши набыт кетти.

Демонстранттар премьер-министр Хишам Кандилдин кортежин таш баранга алып, аны Тахрир аянтына өткөрбөй коюшту. Аянтта өткөн түндөн бери жүздөгөн киши топтолуп турат. Кечээ демонстранттар президент Мухаммед Мурсинин сарайына жүрүш жасашкан. Алар сарайдын дарбазасына таш, күйүүчү бомбаларды ыргытканда, тартип коргоочулар жаш агызчу газ, суу атмалар менен жооп берип, элди таркатууга аракеттенген.

Мурси өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдү зордук-зомбулукту айыптоого үндөп, аскерлер мамлекеттик институттарды коргоого аракеттенип жатышканын айтты.

Өткөн жумада Египеттин башка бөлүктөрүндө саясий тирешүүдөн келип чыккан ар кандай кагылышууларда 60тай киши набыт болгон. Президенттин каршылаштары Мурсинин “Мусулман агайыңдар” партиясы бийликти өз колуна топтоп алганын, өлкө туш болуп аткан проблемаларды көз жаздымда калтырганын айтып сындашууда. Мамлекет башчынын тарапкерлери болсо демонстранттар Египеттин алгачкы демократиялык шайланган президентин төңкөрүүнү көздөшүүдө деп эсептешет.

Бийлик демонстранттарды токмоктоонун бир нече учуру гана катталганын билдирди.

XS
SM
MD
LG