Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

Кыргызстанда быйылкы орточо айлык акы 8400 сом деп белгиленди


Президент Алмазбек Атамбаев 1-февралда 2013-жылдын республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдардын бюджетинин божомолдору жөнүндө мыйзамга кол койду.

Мыйзамда бул жылдын кирешеси 86,28 млрд. сом, ал эми чыгымдары 103,2 млрд. сом болоору белгиленген. Бюджеттин таңкыстыгы болсо 16,9 млрд. сом деп каралган.
Мыйзамда 2013-жылдын орточо айлык акысы 8400 сом деп бекитилип, 2014-жылы ал 9000 сомго жетээри болжолдонгон.

Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 2012-жылдын 27-декабрында кабыл алган. (AKu)

XS
SM
MD
LG