Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Лондондо Ооганстан маселеси талкууланат


Лондондо Британия, Пакистан жана Ооганстандын лидерлери 3 тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү жатышат. Британ премьери Дэвид Камерун, Ооган жана Пакистан президенттери Хамид Карзай менен Асиф Али Зардари Ооган жергесинде тынчтык жана стабилдүүлүк орнотуу демилгелерин талкуулашмакчы. Чет өлкөлүк куралдуу күчтөр 2014-жылдын этегине чейин Ооганстандан чегинүүгө тийиш. Ал күн жакындаган сайын Кабул өкмөтү Талибан менен тынчтык келишимине жетишүү аракеттерин күч алдырууга тийиш.. Британиянын 9 миңдей аскерден турган контингенти негизинен Хелманд облусунда жайгашкан. Бул – АКШдан кийинки экинчи ири контингент.

XS
SM
MD
LG