Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Таласта 27 айыл өкмөттүн башчылары шайланды


Кечээ облустун 27 айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык кеңештин депутаттары тарабынан шайланды. Талас облусунда баардыгы 37 айыл өкмөтү бар. 29 айыл өкмөт башчысынын иштөө мөөнөтү бүткөн.

Ал эми Талас районунун Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерлердин эч кимиси жетиштүү добуш ала алган жок. Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл өкмөтүндө болсо соттук иштерге байланыштуу шайлоо өткөн жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" Борбордук шайлоо комиссиясынын Талас облусундагы өкүлү Гүлнара Избасарова билдирди.

Кыргызстанда айыл өкмөт башчылары 4 жылдык мөөнөткө, жергиликтүү депутаттар тарабынан шайланат. (MbA/AKu)

XS
SM
MD
LG