Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

Баткен: Көк-Таштагы окуянын чыгымдары төлөндү


Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Көк-Таш айлында эки тараптын жаштарынын ортосундагы түшүнбөстүктөн келип чыккан окуяга байланыштуу маселе чечилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыргыз өкмөтүнүн Баткендеги өкүлүнүн орун басары Саитжан Эратов билдирди. Анын айтуусунда, жаштардын пикир келишпестигинен келип чыккан чыгашалар эки тараптан тең төлөнүп берилди, аймакта башка маселе жок, элдин достук маанайы калыбында.

28-январь түнү Кыргызстандын Көк-Таш жана Тажикстандын Чорку айылдарынын жаштары ортосунда мушташ болгон. Жаңжалда Көк-Таш айылындагы 4-5 үйдүн, кичи дүкөндүн жана мектептин айнектери талкаланган.

Бул окуя боюнча Көк-Таш айылында өкмөттүн Баткендеги өкүлүнүн жетекчисинин орун басары Саитжан Эратов менен Тажикстандын Согди облусунун төрагасынын орун басары Жумабай Сангинов 29-январда жергиликтүү милиция кызматкерлеринин катышуусунда жолугушкан. 31-январда тараптар экинчи ирет жолугуп, коңшулаш жашаган эки элдин ортосундагы ынтымакты чыңдоо үчүн жаштардын арасында спорт жана маданий иш-чараларды арбын өткөрүп турууну макулдашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG