Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:14

Кыргызстан Евразия аскерий күч түзүмдөрүнүн ассоциациясына мүчө болду


Кыргызстан Евразиядагы аскердик макамга ээ укук тартиби органдарынын ассоциациясына мүчө болду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Бакы шаарында өткөн жыйында Азербайжан, Кыргызстан, Монголия жана Түркия мамлекеттеринин өкүлдөрү ассоциация түзүү тууралуу меморандумга кол койду. Ага Кыргызстандан Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин башчысы Советбек Арбаев катышты.

Жаңы түзүлгөн эл аралык уюмдун максаты - аскер кызматкерлеринин ишин жакшыртуу, аскердик-техникалык кызматташтыкты бекемдөө жана тажрыйба алмашуу. (RK)

XS
SM
MD
LG