Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:21

Аламүдүндө өрт кырсыгынан бир үй-бүлө жабыркады


Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Достук айылында жайгашкан үйлөрдүн биринде кечээ кечинде өрт чыгып, жети адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, газ плитасын колдонуу эрежеси бузулгандыктан өрт тутанып, үйдүн ээси Канатбек Эрмекбаев, анын 10, 9, 4, 2 жаштагы балдары жана дагы эки киши күйүк алган. Жабыркагандардын баары азыр ооруканада. Бетинен жана колунан күйүк алганын дарыгерлер айтууда.

Жалпысынан өткөн сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 12 өрт кырсыгы катталды. (RK)

XS
SM
MD
LG