Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Түштүк Корея менен АКШ деңиз аскерлеринин машыгуусу башталды


Түштүк Корея менен АКШ Корей жарым аралынын чыгыш жээгинде деңиз аскер флотторунун үч күндүк машыгууларын башташты. Машыгуулар коңшулаш Түндүк Корея Бириккен улуттар уюмунун жаңы санкцияларына жооп иретинде эми дагы ядролук сыноолорду өткөрөөрүн январда жарыялагандан кийин өткөрүлүп жатат.

Расмий Пхеньян декабрда космоско ракета учургандан кийин Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши ага жазаналарын күчөткөн. Анткени көпчүлүк өлкөлөр Түндүк Кореяны космоско спутник учурбай эле, баллистикалык ракетасын сынады деп ишенет.

Түштүк Корея бүгүн башталган машыгуулар абалды курчуткан соңку окуяларга чейин эле пландалганын айтып, муну "мезгил-мезгили менен өткөрүлүп турчу катардагы эле тренинг" деп атады. Бирок Түндүк Корея азыркы машыгууларды “провокация” катары кабыл алганын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG