Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Талибдер аткан кыздын видео кайрылуусу чыкты


Малала тартылган акыркы видеодон бир көрүнүш
Малала тартылган акыркы видеодон бир көрүнүш
15 жаштагы пакистандык активист кызды талибдер атып кеткенден бери бүгүн алгачкы жолу анын видео кайрылуусу жарыяланды. Малала Юсафзай анда “күндөн-күнгө абалы жакшырып жатканын” айтат. Бул видео Юсафзайга ишембиде кезектеги операция жасалганга чейин тартылган. Малала өзүнүн кайрылуусунда аны колдоочуларга ыраазычылыгын билдирет.

"Кудай мага жаңы жашоо берди. Бул – менин экинчи, жаңы жашоом, - деди ал өз кайрылуусунда. - Мен эми эл үчүн кызмат кылгым келет. Ар бир кыз, ар бир бала билим алышын каалайм. Ошол себептен биз “Малала” корун түздүк".

Британиядагы ооруканада ага эки операция тең ийгиликтүү жасалганы кабарланууда. Ооруканада азыр анын баш сөөгүн оңдоп, кулагына угуу жөндөмүн кайтарыш үчүн имплантат коюшмакчы. Малаланы былтыр октябрда мектептен үйүнө келаткан жеринен автобуста атып кетишкен. Ал 2009-жылы талибдердин тушундагы кыздар көргөн кордук жөнүндө, алардын билим алууга укугу тууралуу жазган блогу үчүн чабуулга кабылган эле.

XS
SM
MD
LG