Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Казакстанда чек арачы өз жанын кыйды


Чонжин чек ара бекетинин почта бригадасынын өкүлү, капитан Мержакып Кадыралинов нөөмөттөн кайтып келгенден кийин өзүн атып өлтүргөн. Казакстан Улуттук коопсуздук комитети окуянын чоожайы териштирилип жатканын кабарлады. Мержакып Кадыралиновдун өлүмүнө чейин 31-январда Казакстан Чек ара академиясынын башчысы Талгат Есетов иш бөлмөсүндө атынып өлгөн.
Декабрь айында авиа кырсыктан казакстандык 27 чек ара кызматкери набыт болгон. Анын алдында эле өткөн майда 14 чек арачыны өлтүргөн жоокер Владислав Челах өмүр бою эркинен ажыратылган эле.

XS
SM
MD
LG