Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:59

Англияда Ричард IIIнүн скелети табылганы айтылууда


Британ окумуштуулары өткөн жылы автоунаа токтотулуучу жердин алдынан табылган кишинин скелети Англиянын королу Ричарт 3-нүн сөөгү экени далилденгенин айтып чыгышты. Скелетти иликтеген окумуштуулардын башчысы Ричард Бакли дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынында скелеттин калдыгынан алынган ДНК королдун алысыраак тууганынын ДНКсына дал келери аныкталды:

- Бул Лестер университетинин академиялык корутундусу. Өткөн жылы сентябрда казылып алынган сөөктүн калдыктары Англиянын королу Ричард 3-гө таандык.

Салгылашта жарадар болгон кишинин скелети өткөн жылы сентябрь айында археологиялык казуулар учурунда табылган. Корол Ричард III 1485-жылы борбордук Англиядагы салгылашта курман болгон.

XS
SM
MD
LG