Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

Египеттин маданият министри кызматтан кетти


Египеттин маданият министри Сабер Арабдын кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын мамлекеттик “Ал-ахрам” маалымат агенттиги жазып чыкты. Анын кызматтан кетүүсү Египет полициясынын бир кишини жылаңачтап алып сабаганын көрсөткөн тасманын ызы-чуусуна туш келди. АКШ Мамлекеттик департаменти күч кызматкерлеринин кызматынан аша чабышын иликтөөсүн өтүнүп, дүйшөмбүдө Египет бийлигине кайрылды. Мамдеп өкүлү Виктория Нуланд бул иш боюнча айыптуулардын жоопко тартылышы мындан ары андай окуялардын кайталануусунун алдын алмак.

Египет оппозициясы полиция тарабынан жарандарга күч колдонуусун коопсуздук кызматынын реформа болбогонуна байланыштырышууда. Акыркы он күн ичинде эле Египетте полиция менен демонстранттардын кагылышуусунан 60 чамалуу киши мерт болгон.

XS
SM
MD
LG