Кыргызстандын Чарбак айылын Өзбекстандын Сох анклавынан бөлүп турган чек ара зымдарын тартуу иши эки тараптын макулдашуусу менен жүрүп жатат. Бул тууралуу КР Чек ара кызмат башчысы Токон Мамытов “Азаттыкка” билдирди:
-Чарбак айлынын мурда такталган чек арасын зым тор менен тосуу иштери Өзбекстан тараптын макулдугу менен жүргүзүлүүдө. Жалпы айылдын ичинен эки чакырымдай чек ара тилкеси өтөт, азырынча зым тор менен 300 метрдей жер тосулду.
Токон Мамытовдун айтуусунда, кээ бир тактала элек чек араларды аныктоо үчүн өкмөттүк аппараттын чек араны жана чек ара аймактарын делимитациялоо- демаркациялоо боюнча комиссиясы коңшу мамлекеттин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Баткен районунун Чарбак айылы Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешет. 5-6-январда чек арада чыккан жаңжалдан кийин чарбактыктар айылдын чек арасын тосуп берүүнү талап кылышкан.(ZKo)