Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

Аскерден качкан 39 жоокердин төртөө кайта элек


Аскердик бөлүктү таштап белгисиз жакка кетип калган 39 аскердин төртөө кайтып келе элек. Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин Бишкекте жайгашкан №702-бөлүгүндө кызмат өтөгөн 39 жоокер качып кеткени мурдагы түнү белгилүү болгон.

Бөлүктүн командири Болотбек Бокошевдин "Азаттыкка" айтымында, алар "кызматтык түйшүктү көтөрө албай" кеткен. Ал эми ата-энелер балдары зордук-зомбулукка дуушар болгонун айтып жатат.

Окуя боюнча териштирүү жүрүп жатат, бирок кылмыш иш козголо элек.

39 аскердин 22си Бишкектин чет жакасындагы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан, калганы аскердик бөлүктөн чыгып кеткен.

Мамлекеттик резиденциянын коопсуздугун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 9-башкармалыгы, Улуттук гвардия жана Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери камсыз кылат. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG