Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:07

Ооган согушунун курмандыктары эскерилет


Кыргызстанда ооган согушунда курман болгондорду эскерүү иш-чаралары өтөт. Ардагерлердин үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүлүп, митинг-реквиемдер уюштурулат.

Кемин районунда мини-футбол таймашы, Бишкекте ок атуу боюнча мелдештер жана согуш ардагерлери арасында мини-футбол турнири өтөт. Мектептерде балдарды эр жүрөк болуп, мекенин сүйүүгө тарбиялаган атайын сабактар өткөрүлөт.

15-февралда совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылышынын 24 жылдыгы белгиленет.

Ооганстанга "интернационалдык кызматын өтөөгө" советтик аскер катарында 7 миң кыргызстандык жоокер жөнөтүлгөн. Анын 252си курман болуп, 1500ү жараат алган. Төртөөнүн али күнчө дайыны жок. (RK)

XS
SM
MD
LG