Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:39

Кыргызстан Ислам кызматташтык уюмунун жыйынына катышууда


Кыргызстан Ислам кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин Египетте өтүп жаткан жыйынына катышууда. 57 ислам өлкөсүнүн өкүлдөрү чакырылган бул жыйында Сирия, Палестина жана Ооганстандагы абал талкууланып жатат. Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев өз сөзүндө кыргыз тарап кандай гана чыр-чатак болбосун аны тынчтык жолу менен чечүү керек деген турумда экенин айтты.

Министр Абдылдаев ошондой эле Сауд Арабиясынын тышкы иштер министринин орун басары Абдел Азиз ибн Абдалла менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады.

Ал эми Египеттин министри Мухаммед Камал Амр менен тышкы саясый мекемелер ортосунда меморандум кабыл алуу тууралуу сүйлөштү. (RK)

XS
SM
MD
LG