Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Депутаттар фракциядан тыш эркин депутат боло алышат


Президент Алмазбек Атамбаев “Жогорку Кеңеш депутатынын макамы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамга кечээ кол койду. Ага ылайык, депутаттын саясий көз караштары фракциянын саясатына дал келбесе, фракциянын курамына кирбей, эркин депутат катары калууга укуктуу. Ошондой эле эркин депутаттар фракциянын ичинде же андан тышкары депутаттык топторго биригүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Бул мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 19-январында кабыл алынган. Белгилүү болгондой, буга чейин “Ата Мекен”, “Ата Журт”, “Республика” фракцияларынын айрым мүчөлөрү көз караштары фракциядагы көпчүлүктүн саясатына туура келбегени үчүн мүчөлүктөн чыкканын билдиришкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG