Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

ЖК бүгүн жазгы талаа иштерине даярдык маселесин карайт


Өкмөт 2013-жылкы жазгы талаа иштерине көрүлүп жаткан даярдык тууралуу парламенттин жалпы отурумунда маалымат берет. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы Эсенгул Исаковдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бүгүнкү отурумга жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө жоопкер болгон бардык тармактын жетекчилери чакырылган. Андан тышкары жазгы талаа иштерине насыя акча берүүнү көздөгөн беш банктын төрагалары бар:

- Беш банк катышат экен, алар бир токтом, бир эреже менен дыйкандарга насыя беришет, ар кимиси өз алдынча бере алышпайт. Өкмөт орточо эсеп менен 20% деп бекиткен, анын жарымын өкмөт өзү субсидиялайт. Пайыздар, насыяны кайтаруу боюнча мен өзүмдүн жүйөлөрүмдү парламенттин отурумунда билдирем.

Быйылкы жазгы талаа иштерин уюштуруу боюнча вице-премьер-министр Тайыр Сарпашевдин жетекчилиги алдында атайын штаб түзүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG