Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:54

Дарусман Түндүк Кореянын лидерин жоопко тартууга үндөдү


Бириккен улуттар уюмунун атайын иликтөөчүсү БУУга кайрылып, Түндүк Корея лидеринин адамзатка каршы кылмыш жасоо ыктымалдыгын текшергенге чакырды. Түндүк Кореядагы адам укуктары боюнча БУУнун атайын докладчысы Марзуки Дарусман мындай сунушту бүгүн жарыяланган докладда айтты.

Ал ошондой эле БУУнун Адам укугу боюнча кеңешин Түндүк Кореядагы “адам укуктарын өтө оор, кеңири жайылган жана системалуу бузуулар” үчүн өкмөттүн жана жеке адамдардын жоопкерчилигин иликтөөгө үндөдү. Түндүк Кореянын Женевадагы миссиясы бул докладды “саясий каршылашуунун” жана коммунисттик Кореяга каршы “кутумдун натыйжасы” деп атады. Түндүк Корея ондогон жылдардан бери адамзатка каршы кылмыш жасады деген айыптоолорго жооп бербей, 200 миң саясий туткун кармалып жатат деп шектелген абак жайларын көрсөтүүдөн баш тартып келет.

XS
SM
MD
LG